Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунан билдиришти.

 

Маалым болгондой, кайгылуу окуя 2015-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында болгон. 27 жаштагы Н.К. өзүнө кол салып, жоолугуна асынып алган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Н.К.нын күйөөсү дайыма аны кордоп жүргөнү аныкталган. Аялдын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк бир катар чыр-чатактар ачыкка чыгып, күбөлөр табылган.

 

 «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова бул иште жабырлануучу тараптын коомдук жактоочусу болгон.

 

2017-жылдын март айында Бишкектеги Октябрь райондук соту Н.К.нын күйөөсүн айыптуу деп таап, «Адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренесинин негизинде төрт жыл мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абактан өтөйт.