Белгилүү болгондой, Ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн үч кызматкери И.Т., Т.Б. жана М.И.ге карата козголгон кылмыш ишинин негизинде Москва райондук сотунда соттук процесс болууда. Милиция кызматкерлерине КР Кылмыш жаза Кодексинин «кыйноо» беренеси боюнча айып тагылган.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, айыпталуучулар жабырлануучуларды айыпталып аткандарга карата көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлап, ар кандай басым көрсөтүшкөн.
«2017-жылдын 16-24-мартында жабырлануучунун жана анын жакындарынын уюлдук телефонуна жашыруун номерден белгисиз адамдар ко)гуроо кылышкан. Алар өздөрүн түзөтүү колониясында жазасын өтөпа ткан соттолуучулардын туугандарыбыз деп тааныштырып, эгер алардын пайдасына көрсөтмөлөрүн өзгөртүшпөсө, үй-бүлөсүнө зыян келтирерин айтып, коркутушкан. 2017-жылдын 6-апрелинде мамлекеттик айыптоочу жогоруда аталган айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирип, эч жакка чыкпоо тил катты абака өзгөртүүнү суранган. Ошол эле күнү прокурордун түнүчү сот тарабынан толугу менен канааттандырылып, айыпталуучулар Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.
Бул кылмыш иши 2015-жылдын 3-апрелинде козголгон. Аталган милиция кызматкерлери 2015-жылдын 13-январында Москва ички иштер бөлүмүндө М.А., М.С. жана Ч.Н.аттуу жарандарга күч колдонуп, М.А.га каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан.