Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорту боюнча федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, турнирге 17 өлкөнүн 94 дуэти катышкан. «Улуулар, латина, ачык класс» категориясында Кыргызстандан Артем Семеренко менен Валерия Качалко катышып, үчүнчү орунду алышты. Алардан алдыга Испания менен Италиянын бийчилери чыккан.