Президенттик аппараттан билдиришкендей, Ала –Тоо аянтындагы 2012- жылдагы Аксы окуясында жана 2014- жылдагы Апрель революциясында каза болгондордун жаркын элесине арналып орнотулган эстеликке президент Атамбаев гүл койду.
Ошондой эле, «Ата Бейиттеги» маркумдардын бейитине барып, куран окутту. Бул иш чарага маркумдардын жакындары, Апрель революциясынан жараат алгандар, парламент депутаттары, коомдук өкүлдөр жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер катышты.