Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Жал кичирайонундагы жолдордун акыбалы начар экенин айтты.

 

«Борбор калаанын мэрии буга көңүл буруп койсо жакшы болот эле. Кичирайондогу жол абдан начар, кудум эле «бомба» түшкөндөй.  Бул жолдорду жамап-жаскап койбой, асфальтты толугу менен алып, кайра жаңысын төшөө керек»-деген депутат жолдордун абалына көңүл буруп, Транспорт министрлигине катуу талап коюу зарылдыгын белгиледи.