Кечээ, 5-апрелде Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына экс-депутат Садыр Жапаровдун аялы Айгүл Жапарова жана жакын туугандары митингге чыгышы. Алар президентке, Башкы прокурорго жана УКМК төрагасына кайрылып, Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын кайра карап, үй камагына чыгарууну сурап жатышат.


Анда Айгүл Жапарова президентке кайрылып, «баш ал десе бөрк алгандар» бар экенин, ошондуктан Садыр Жапаровду коопсуздук үчүн үй камагына бошотуп берүүнү өтүндү. Ал өз сөзүндө Садыр Жапаров абактан чыгарылса эч жакка качпай турганын, тергөөнү үй камагынын шартында уланта берүүгө болорун билдирди.


Учурда митингге чыккандар “Садыр Жапаровдун өмүрү коркунучта”, “Садыр Жапаровго эркиндик” “Мыйзамсыз камалгандар бошотулсун”деген жазууларды көтөрүп турушат.


Мындан тышкары, алар Садыр Жапаров күчтүү инсан экендигин, эч качан денесин өзү кесүүгө барбай турганын билдиришти.

 

Булак: "Марал"