Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Ш.Атамбаевге

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

 

Биз, ЭНЕлер бүгүнкү мамлекетибизде болуп жаткан окуяларга унчукпай кое албадык! Биз, ЭНЕлер тынчтык үчүн курөшөбүз деп чечим чыгардык! Акыркы болгон окуялар бизди түйшөлтүп, жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Биз, Сизге эң ыйык ЭНЕ деген жүрөк менен кайрылып жатабыз!

 

Сиз өлкө башында турган башчы катары кыргыз энелеринин жүрөгүндөгү үндү угат деген ишенимдебиз. Биз Сизди улуттун  тагдырын, улуттун  келечегин сактайт  деп журт башчы кылып тандап алганбыз. Биз, Сизди 25 жыл аралыгында болуп келген  акыйкатсыз  окуялардын кайталанып кетпешине кепилдик болуп берет деген үмүт менен  ишеним артканбыз. Акыркы кездерде болуп жаткан саясый тирешүүлөр, акыйкатсыз чечимдер, адилетсиз, мыйзамсыз кадамдар  келечекке  коркунуч туудуруп жатат! Окуя курчуп, арты жаманчылык менен аяктай электе гумандуу, айкөлдүк чечимдерге барып, эл менен бийликтин ортосундагы чыңалууну токтотуп  калат деген эне тилеги  менен   кайрылуубузду жасап отурабыз!

 

“ЭНЕ ЖҮРӨГҮ” касташууга, зомбулукка, агрессияга жол берейт. Себеби, ЭНЕнин жүрөгүндөй кең, ЭНЕнин жүрөгүндөй таза, ЭНЕнин жүрөгүндөй бийик, айкөл эч нерсе жок. Бир ЭНЕжүрөгү зыркыраса, сыздаса, миллион ЭНЕлердин жүрөгү ыйлайт, сыздайт, зыркырайт түйшөлөт, кыйналат. Бүгүнкү күндө бүтүндөй кыргыз журтунун ЭНЕлери так ушундай болуп, жүрөгу ооруп турган учур. ЭНЕбиз чыдабадык, жазабыз, айтабыз дедик.

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

 

Бардык бийлик сиздин колунузда.  Жазылбаган “мыйзамдардын” мыйзамдан  жана сизден өйдө болуусуна, күч алышына жол бербеңиз!

Улуу Манастын  осуяттарын туу кылып, алакандай кыргыз элибиздин тагдыры, жашоосу, кайгысы-кубанычына түйшөлүп, ар бир баланын башынан сылап, ар бир эненин  көз жашын аарчып, биримдик  деген  тилек менен  акыйкат орнотуңуз. Биз, ЭНЕлер кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жок болуп кетишине каршыбыз! Биз ЭНЕлер ар кандай провокациялык иштерден улам мамлекетибиздин жок болушуна, жаш балдардын тагдырларына балта чабылышына каршыбыз! Сиздин баштан да оор  саясый сыноолор өткөн. Жакындарыңызга коркунуч келгенде алардын тагдырларына жүрөгүңүз эзилген.  Сизди дагы ЭНЕ жарыкчылыкка алып келип, тарбия берген, ушул деңгээлге жеткирген. Сиздин балдарыңызга дагы ЭНЕси тарбия берип, эрезеге жеткирип олтурат.

 

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ Сизге кайрылат!

 

Биз ЭНЕлер мамлекетибизде тынчтык, биримдик, ынтымак өкүм сүрүп, кең-келечек орношун талап кылабыз! Биз Энелер өлкөбүздө  мыйзамсыз иш аракеттердин жүрүшүнө каршыбыз! Кечээки 25-марттагы окуяда  эч күнөөсү жок, кылмыш кылбаган бейкүнөө жаш балдар  саясаттын, өч алуунун курмандыгы болуп калышты.  Кыргыздын чырактай  болгон  балдарынын келечегин, тагдырларын ойлоп, боштондукка чыгырып бериңиз деп кайрылабыз. Апрель, июнь  окуяларындагыдай энелер зыркырабасын! 7-апрель күнү   кырчындай балдар, бийликтин акыйкатсыздыгы күч ала баштаганда, баштарын көтөрүп, төштөрүн окко тоскон.  Ушул кан төгүүлөрдү бир көз сыдырымга салып, Сиз да акыйкат башкаруучу болуңуз. Эне жүрөгү  ар качан  кагылыштарды, согушту токтотуп келген. Эне башатына ызаат көрсөтсөңүз, чыркырагын Эне жүрөгүн угасыз  деген ишенимдебиз. Кыргыздын түндүгүн көтөрө турган эр азаматтардын келечегине балта чабылышына жол бербеңиз! Биз бир ууч жана алакандай  элбиз!

 

“Эне жүрөгү” коомдук кыймылы