Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын VI курултайына катышып жаткан диний аалымдар 213 добуш менен Максатбек Токтомушевди кайра муфтийликке бекитишти. Эми ал жаңы сунуш боюнча, 2021-жылга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектейт.


Айта кетсек, буга чейин муфтий  үч жылга шайланып келген.  Бул шайлоодо Чубак ажы Жалилов менен Ниязалы Арипов  өз талапкерлигин алып салып, Максат ажы Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болуп калган.


Өмүр баяны:


Максат ажы Токтомушев  1973-жылы 9-август күнү  Ош облусунун Кара- Кулжа районунун Кара Кулжа айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөсүндө 6 бир туугандын кичүүсү.


Билими жогорку.


1991-1995-жылга чейин Айыл чарба институттунда зооинженер адистиги боюнча билим алган.


1998-2005-жылдары  Пакистан мамлекетине караштуу Лахор шаарында жайгашкан “Медресе Арабия” Университетинин “Шарият” факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган.


2010-жылы Ислам экономикасы жана банк иши бөлүмүн аяктаган.


1990-1997жылга чейин өз алдынча Ислам укугу боюнча  аалымдардын исламдагы укуктары жаатында билимин өркүндөткөн.


2005-2013-жылдары Абдуллы ибн Масуда  атындагы медреседе мугалим;


2008-2010-жылга чейин Бишкек шаарынын 7 кичи районунда жайгашкан  мечетинде Имам Хатиб болгон;


2010-2013-жылга чейин Бишкек шаарынын  Казысы;


2013-жылдын июль айынан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары болгон;


2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Азрети муфтийи болуп келген.


Үй-бүлөлүү төрт уулу, эки кызы бар.


Кыргыз, орус, араб, урду тилдеринде эркин сүйлөйт


Булак: "Марал"