Бул демилгени 213 делегаттын 211и макулдугун берип, муфтий жана аны менен бирге аалымдар кеңешинин жана Борбордук текшерүү комиссиянын төрагалары 4 жылга бекитиле турган болду. Эске салсак, бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын VI курултайы өтүп жатат. Анда муфтий аалымдар кеңешинин жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалары жаңыланат.


Айта кетсек, буга чейин муфтий  үч жылга шайланып келген.  Азыркы шайлоод Чубак ажы Жалилов менен Ниязалы Арипов  өз талапкерлигин алып салып, Максат ажы Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болуп турат.


Булак: "Марал"