Жалал-Абаддагы 15 миң 500дөн ашуун студентке билим берип келе жаткан  Жалал-Абад мамлекеттик университети 24 жашын белгиледи. Майрамдык салтанатка окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты жана суденттери, коомчулуктун, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты.

 

Окуу жайынын ректору Кеңеш Усеновдун айтымында, аталган университет 1993-жылы атайын кесиптерге багытталган жогорку билим берүүчү окуу жай катар ишин баштаган. Бул жылдар аралыгында жалпы студенттерге билим жана тарбия берип, бул жерден билим алышкан жана билимдерин жогорулатышкан бир катар мугалимдер илимий жогорку даражаларга жетишти.

 

- Биздин бул майрамыбызды куттуктап келгендерге ыраазычылык билдирүү менен бирге, студенттерге окуудагы, жашоодогу ийгиликтерди каалайм. Ал эми мугалимдердин оор, ары түйшүктүү болгон иштерин жаңы изденүүлөр, ошондой эле  ийгиликтер коштосун. Биздин окуу жайыбыз өклөдөгү эң алдыңкы окуу жайларынан болоруна ишеним чоң, - дейт ал. 

 

Салтанатка катышкан Жалал-Абад шаарынын вице-мэри  Айзат Раматиллаева учурда шаарда кандай гана иш-чаралар болбосун ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттери активдүү катышып келе жаткандыгын белгилеп,  окуу жайдын жалпы жамаатын  окуу жайдын 24-жыдыгы менен куттуктады жана  алдыңкы мугалимдерге шаар мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.