“Салам” басмаканасында Нобелдик премиянын лауреаты Габриэль Гарсиа Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт” чыгармасы кыргыз тилинде жарык көрдү.

 

Колумбиялык жазуучунун чыгармалар жыйнагынан “Биздин шаарчада уурулар жок”, “Бальтасардын жашоосундагы эстен кеткис күн” аңгемелерин, ээсе, этюд, маектерин окусаңыздар болот. Котормолор белгилүү акын-жазуучулар Сагын Наматбаев, Мукаш Кожомкулов, Алым Токтомушев, Эгемберди Эрматов, Абибилла Пазыловдорго таандык.

 

Китеп КР Президентине караштуу Мамтил боюнча улуттук мамлекеттик комиссиясынын каражатына чыгарылды. Нускасы 1000 даана.