Бишкек, «Саясат.kg». Атактуу Коко Шанель: «Аялдын келип-кеткенин билдирген, көзгө көрүнбөгөн белги –бул анын жыты»,- деп айткан. Анын сыңарындай, ар бир айым жагымдуу жыпар жытка ээ болууну каалайт. Мында, айымдарга ар түркүн жыттардын топтомун сиңирген атырлар жардамга келет.
Биз көүрп, себинип жүргөн атырлар экиге бөлүнөт: атыр жана «туалетная вода». Аны оңойлоштуруп «атыр жардамчысы» деп атасак да болот. Булардын кандай айырмасы бар деген суроо жаралса, ага жооп төмөндөгүдөй: «туалетная вода» жыпар жыт бергич эфир майынын 5-10 %ын камтыйт. А чыныгы атырда 10-20%га чейин эфир майы колдонулгандыктан, ал денеде көпкө сакталат.
«Туалетная вода»- «атыр жардамчысы» - баасы чыныгы атырларга салыштырмалуу бир топ арзан болгондуктан, калктын калың катмарына жетимдүү. Бирок, сапаты дагы баасына жараша, денеге себилген жыт бат эле тарайт. Ошондой эле, ар бир жыпар жыттын өзүнө таандык айымдары бардыгын билбесеңиз керек. Биз кайсы атыр кандай айымдарга ылайык келээри тууралуу чыныгы атырлар сатылган «S Парфюм» дүкөнүнүн ээси жана сатуучу-консультанты Акылай Рахманкуловадан сурадык.
Шанель атыры. Атактуу Коко Шанелдин атын алып жүргөн бул атырлар бир эле убакта назик да, кайра ошончолук өжөр, эркиндикти сүйгөн, койгон максатына жете билген айымдарга бап келет. Атыр күчтүү жытка ээ. Аны жаш курагы 27 жаштан өйдөңкү айымдар пайдаланганы туура.
Виктория Сикрет. Бул абдан жумшак, назик жана жагымталдуу айымдарга таандык. Аны 16 жаштан өйдөңкү курактагылар себинсе болот.
D&G Императрица. Курамында дарбыз, грейфрут, цикламен, мускус, киви, жасмин жыпар жыттары бар. Негизинен жаз-жай мезгилинде колдонууга ылайыкталган жана адамды дароо арбап алган назик күчкө ээ. Жаш курагы: 18 жаштан өйдөңкү айымдарга.

Ангел и демон Givenchy. Курамында лимон, клюква, көк чай, жыгач сөңгөгүнөн алынган жыттар бар. Бул өтө шлейфтүү, өзгөчө жагымдуу жытка ээ. Негизинен 25 жаштан өйдөңкү курактагы айымдарга сунушталат. Назик эмес, шар жүргөн айымдарга ылайыктуу.
Жадор Dior. Магнолия, коон, шабдаалы, кайналы, архидея, жасмин, мускус жыттары колдонулган. Таттуу жыт. Бул атыр жумшак, ак көңүл, үлбүрөгөн назик айымдарга ылайык келет. Абдан жеңил жыт болгондуктан, аны колдонуучу айымдардын жаш курагында чектөө жок.

Атактуу «Малекулалар» ар дайым модада. Башка атырлардан айырмасы – жыттарын тез-тез алмаштырышат. Эртең менен кийимиңизге себилген атыр кечинде такыр башка жытка айланат. Ошондой эле аба ырайынын өзгөрүүсүнө жараша жыт да өзгөрүп турат. Көпкө сакталат жана болгону үч ингредиенттен турат: амброксан, жыгачтын сөңгөгү жана гүлдөн алынган мускус.

«S-Парфюм» дүкөнүнүн дареги: Москва көчөсү 27, (Шопоков көчөсү менен кесилишет. «Ак Эмир» базарынын жанында)
Байланыш номер: 0708501040