Медакакадемиянын мурдагы окутуучусу, кийин өзү кайсы бир маегинде белгилегендей, «жаш окумуштуу» Таттыгүл Дөөталиева Фейсбук тармагына «кайтып» келди.
Жакында УКМКнын алдында саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинде беш-алты милиция жаш келинди чыркыратып, колдон-буттан сүйрөп, автоунаага салышкандагы сүрөт соцтармактарга жарыяланган. Ал келин Токтогул районунун тургуну Алтынай аттуу үч баланын энеси экени белгилүү болгон.
Чоң талкуу жараткан бул сүрөткө Таттыгүл Дөөталиева да үн кошуп, митингге чыккандар тууралуу пикирин төмөндөгүдөй билдирген:
Бул, албетте, колдонуучулардын күчтүү нааразычылыгын жаратты. Дача-Судагы кырсыкта курман болгондордун арбагын маскаралап, «жалаң түштүктүктөр каза болушуптур, табият да улутту тазалап атат», - деген таризде пикир калтырган «жаш окумуштуу» эми «философиялык көз карашын» митингчилерге багыттады. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу терс пикиринен кийин, укук коргоо кызматтарына сурак берип, жумушунан ажыроо алдында турганда «Телефонумду жоготуп алгам. Анда Фейсбуктагы аккаунтум ачык болчу», - деп актанып, орой пикирин кимдир-бирөөгө оодара койгонго аракет кылган. Бул сапар да, телефонун жоготконун айтып чыгабы, убакыт көрсөтөт.