Маалыматка караганда, 30-мартта Ош шаарындагы Токтогул атындагы парктан куралчан киши кармалган.
Аны уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан. Тинтү ү учурунда кармалган кишинин жанынан «Макаров» тапанчасы чыккан, бирок андан ок табылбаган.
Кармалуучу мурда КР Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин негизинде соттолгондугу анык болгон.
Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.