Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын бир катар жооптуу кызматкерлерине КР Кылмыш жаза кодексинин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

 

Маалым болгондой,2013-жылдын 28-мартында Мамлекеттик каттоо кызматында 8 миллион сомдук бланк сатып алууга тендер жүргүзүлгөн. Анда «Т.П.» ЖЧКсы жана «У.» ЖЧКсы катышкан. 2013-жылдын 24-апрелинен кийин Каржы министрлигинен вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге аталган тендер кабыл алынганын билдирген кат жөнөтүлгөн. Бирок, Сарпашев МККны «У.» ЖЧКсынын ыкмасы менен даярдалган бланкты сатып алууга мыйзамсыз көрсөтмө  берген. Анын негизинде ММКнын жетекчиси тендердин жеңүүчүсү  менен келишим түзбөстөн, «Т.П.» ЖЧКсынын жетекчисин «У.» ЖЧКсынан 40 миң  даана бланк сатып алууга келишим түзүүгө  мажбурлаган. МККнын жумушчу тобунун корутундусуна караганда, бул бланктар жараксыз деп табылып, алмаштыруу зарылдыгы жаралган. Анткени, бланкта «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» деген сөздүн ордуна «Нике тууралуу күбөлүк» деп жазылган. 

 

Анын кесепетинен МККга 11 миң  690 жарандан арыз келип түшкөн, алар бланктагы кетирилген ката чегараларды кесип өтүүдө  тоскоолдук жаратып атканын айтышкан. Жарандар анын айынан башка өлкөгө  барышканда кайра Кыргызстанга депорт болушкан. Аны менен 40 миң  ымыркайдын жана алардын ата-энесинин укугу бузулган.