Бүгүн, 30-мартта, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов адашып «Ак Жолду» атады.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда сөз алып, трибунага чыккан депутат өзүн тааныштырганда, «Бир Бол» фракциясынын ордуна «Ак Жол» фракциясынанмын деп алды. Аны өзү да байкабадыбы, же байкаганда деле «илип» алчулар эчак эле «илип» кетишкенин түшүндүбү, сөзүнө андан ары улады.
Эске салсак, Улукбек Ормонов 2007-жылдан 2010-жылга чейин Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты болгон. Ал «Ак Жол» фракциясынын лидерлигинде турган.
2016-жылдан бери «Бир Бол» фракциясынын депутаты.
«Саясат. kg»