Бишкек шаарындагы №2 төрөтканада 24-мартта үч эмди жарык дүйнөгө алып келген 21 жаштагы студент эне коомчулуктун жардамына муктаж болууда. Бул тууралуу студент эненин курбусу Диана Айдарова соцтармактагы баракчасына жазды.
Ага караганда, эки кыз, бир уул – үч эмдин энеси Акылай 21 жашта, учурда студент. Анын жолдошу Тойчубек 25 жашта.
«Жаш жубайлардын үч баланы багып өстүрүүгө үйү да, автоунаасы да, киреше булагы да жок. Бир баланы багууга деле, сүт, памперс, кийим сыяктууларга көп каражат коротулат. Ошондуктан, жаш ата-энеге жардам берген кайрымдуу адамдар чыкса жакшы болот эле», - деп жазды ал баракчасына.
Аталган төрөткананын башкы дарыгери Азамат Алымбаевдин айтымында, учурда ымыркайлар жана алардын энесинин акыбалы канааттандыраарлык. Бирок, аларды азырынча төрөтканадан чыгарышпайт. Ымыркайлардын салмагы аз болгондуктан, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушмакчы.
Ъч эмдин ата-энесине кайрымдуулук кылууну каалагандар (0704) 16 04 96 телефонуна байланышса болот.

«Саясат. kg»