Жогорку Кеңештин жыйынында, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмасбек Акматов айыл чарбачылыгы боюнча иш алып барчу вице-премьер-министрлик орунду ачууну сунуштады.
Анын айтканына таянсак, бул багыттагы өзүнөчө вице-премьер болсо эле, андагы далай маселелер чечилип калчудай.
Ансыз да бүгүнкү күндө мамлекетте карапайым жарандарга жана катардагы чиновниктерден жетекчилер көп сезилет. Мамлекеттик бийик даражалуу орундардын көптөгү, чакан Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасир берээрин буга чейин бир катар депутаттар белгилеп, ал турмак мындай ашыкча орундарды кыскартууну да көтөрүшкөн. А бүгүн, «бирболчу» Алмасбек Акматов вице-премьер-министрлерди дагы бирөөгө көбөйтүү сунушу менен чыкты.
Айтымында, Кыргызстандын 70%ы агрардык багытта болгондуктан, өкмөт экономиканын бул жаатына өзгөчө көңүл бурушу керек.
«Ө кмөттүн маалыматына караганда, мамлекетибиздин айыл чарба продукцияларын экспорттоодон 14,5 млрд сом түшкөн, а импорт 32 млрд сом киреше алып келген. Бул көп нерсени түшүндүрөт. Ө кмөттүн түзүмүндө төрт вице-премьер-министр бар, биринчи вице-премьер-министр айыл чарбасын карайт, бирок, андан башка да бир топ тармактарга көзөмөл жүргүзөт. Ошондуктан, айыл чарбага атайын өзүнчө вице-премьер керек, же вице-премьердин статусун Айыл чарба министрлигине берүү керек», - деген депутат коңшу өлкөлөрдө бул практика колдонулганын эске салды.
Алмасбек Акматов «койчусу көп болсо, кой арам өлөт» деген макалдын маанисин түшүнбөйбү, же ар бир тармакка бирден вице-премьер-министрди байлап койгон учурда да, каалоо болбосо, иш ордунан кыймылдабай турганын билбейби?
«Саясат. kg»