Бийлик Бишкекте тынч митингге чыккандарды уруп-сабап, өпкөсүн үзүп жатканда Кадамжайда бир машина солдаттар түз жолдо баратып эле оодарылып кетти. Азыр унаа кырсыгында жабыркаган 29 аскердин бешөөнүн абалы оор, аларга операция жасалды. 29 жоокердин баары ооруканада, бүгүн айрымдары чыгарылышы мүмкүн. Машине Кадамжайдын кире беришиндеги курулуп жаткан үйдү сүзүп токтогон. Анын ичиндеги жоокерлер Оштон Баткен облусундагы аскердик бөлүктөрүнүн бирине машыгуу үчүн бараткан. Баса, бул үйдү февралда да күйүүчү май ташыган автоунаа сүзүп алган. Кадамжай шаарынын жашоочулары өткөн айда “жол кырсыктары көбөйүп жатат”- деп нааразылык акцияга чыгышып, жол тосушкан. Ошондо жергиликтүү бийлик тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтып элди тынчтандырган. Жергиликтүү жашоочулардын айтуусунда, райондун борбору Пүлгөндөн Көк-Талаа айылына чейин курулган жол Пүлгөндөн чыга бериште чукул ылдыйыш болгондуктан, каттуу ылдамдыкта келаткан машиналар бурула албай, жол боюндагы үйлөрдү сүзүп алууда. Анткени жол куруучулар мындай эрежени эске алышкан эмес. Эми бул “кандуу” жолду техникалык талаптарга ылайык салыш үчүн дагы канча кырсык болуп, адам өмүрү кыйылыш керек?!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж