26-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү болуп, бир турак-жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калды. Бирок ӨКМдин кызматкерлери алардын сөөгүн издөө ишин азырынча токтотуп турат. Анткени обьект кооптуу болгондуктан, ушундай чечимге келишкен. Кырсык болгон жерге ӨКМдин жетекчилиги, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү барып, кооптуу аймактагы элди көчүрүүгө тапшырма беришти.  Аталган айылдагы жер көчкү коркунучу жогору болгон аймак элинин 80 пайызына буга чейин коопсуз аймактан жер үлүшү жана 200 миң сомдон ссуда берилген. “Жашоочулардын айрымдары жер үлүштөрүн сатып жиберип, кооптуу аймакта жашоосун улантып келишет. Жергиликтүү бийлик тургундарды коопсуз жакка токтоосуз көчүрүү тапшырмасын берди. Эгер көчүүгө каршы болгондор болсо, сот чечиминин негизинде көчүрүлөт. Буга чейин көчпөгөн 6 үй-бүлөнүн иши сотто каралып жатканы маалым болду. Бирк мыйзам боюнча күч менен да көчүрүп чыгууга болбойт да. Ошентсе да азыр райондук штаб түзүлдү”,- деп билдирди облусттук администрациядан. Көчкү түшкөн тилкеде жалпысынан беш турак жай жайгашкан. Буга чейин ал жерден бир үй-бүлө гана коопсуз жайга көчүрүлгөн. Көчкү алдында калган төрт турак-жайдын үчөөндө эч ким жашаган эмес.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж