“2017-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги болуп өттү. Массалык маалымат каражаттарынын репортаждарынан көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров УКМКнын абагына камалгандан кийин митингичилер да Максим Горький скверинен УКМКнын имаратынын алдына көчүшүп, ошол жерде милиция менен кагылышкан. Нааразычылык акциясына чыккандар милиция тарапка пластикалык бөтөлкөлөрдү ыргытышып, желектер кадалган таяктар менен тап беришет, ыкчам орнотулуучу тосмолорду бузуп, алып ташташкан. Аялдар кыйкырып, ызы-чуу салышкан. Аларга жооп кылып милиция айрым митингичилерди тандап кармоону жүргүзгөн. Формасыз эле жарандык кийим менен жүргөн белгисиз адамдар элдин арасынан айрым жарандарды кармап, сууруп чыгып, милициянын белгиси жок машиналарга күч менен тыгып, белгисиз жакка алып кетип турушту. Сабалган жаш балдардын ыйы жана онтоолору тартылган видеотасмалар коомчулуктун үрөйүн учурду. Ал жаш балдар Садыр Жапаровдун уулдары жана инилери деген маалымат социалдык түйүндөрдө кеңири тарап жатат. Ал эми бир жаш аялды кыйкырып койгонуна эле өчөшүп, качканына карабай кууп жүрүшүп кармашты. Көптөгөн видеокадрларда милиция качып бараткан адамдардын артынан кууп жетип, тандап кармап жатышканы тартылып калган. Биринчи май райондук милициясында кармалгандардын үстүнө Кыйноолор боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн киргизбей коюшкан. Маалымат жыйынында КР ИИМдин өкүлдөрү кармалгандардын саны боюнча улам ар башка сандарды айтып, адашып жаткандыгы жарыяланган маалыматтардын так экендигинен шек туудурат. Окуянын эртеси, 26-мартта да милиция дагы деле кармалгандарга Кыйноолор боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн, атүгүл адвокаттарды киргизбей койгон.


Жарандык коом 25-марттагы митингдин катышуучуларына милиция ашкере күч колдонгонуна байланыштуу Жогорку Кеңешти Омбудсмендин бул окуя боюнча отчетун угууга чакырат”,- деп билдирди Рита Карасартова.