Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмү менен биргеликте каналдарды тазалоо иштерин күчөттү. Бул тууралуу аталган департаментинин директору Саидибраим Жакыпов билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл кар калың жаап, сел арыктар, каналдар сууга толуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алуу иштери күчөтүлүп жатат: “Жазгы жаан-чачындардан улам жаралган селдин кесепеттерин алдын алуу максатында шаардагы сел-арыктарды тазалоо жумуштары башталды. Анда шаардагы  узундугу төрттөн жети чакырымга чейинки каналдарды тазалоо иштери палндаштырылган. Буюрса, аны тез арада тазалап, шаарды суу каптоо коркунучунан арылтабыз”.

  

Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаар тургундарыны боюнча мүмкүн болушунча аракеттер көрүлүүдө: “Өткөн  жылы каналдарды тазалоо иштерине шаардык бюджеттен 480 миң акча каражаты берилген. Ал эми быйылкы жылга 1 миллион 200 миң сом акча каражатын бөлүү сунушталууда. Бирок, шаардык кеңештин иши башталбай  жатканына байланыштуу бул маселе чечиле элек. Ошентсе да жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн департаменттин техникалары иштеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү күйүүчү май жана техникалардан жардам берип, жумуш алдыга жылып жатат”.