Бүгүн, 26-март күнү саат 07:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак тилкесинде жер көчкү 1 үйдү, болжол менен 6 адамды (күйөсү, аялы, 4 баласы) кошуп басып калган. 

 

Кырсык болгон жерге КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Д.Каримов жана мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы А.Козубаев өзүнчө куткаруу отрядынын 35 куткаруучусу жана кризистик кырдаалды башкаруу борборунун кызматкерлери ППУ менен чыгып кетишкен.

 

Булак: "Марал"

 

 

ххх

 

Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында көчкү алдында калгандардын тизмеси жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө мүчөлөрү:

 

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович, 1988-жылы туулган (үй ээси);


2. Сулайманова Гүлайым, 1989- жылы туулган (аялы);


3. Амиракулова Аксана, 2010- жылы туулган (кызы);


4. Амиракулова Айгерим, 2011- жылы туулган (кызы);


5. Амиракулов Жыргал, 2013 - жылы туулган (уулу);


6. Амиракулова Раяна, 2015- жылы туулган (кызы).

 

Көчкүдө калган жарандардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн. Аймакка куткаруучулар, адистер барышкан. Министр Кубатбек Боронов да Өзгөнгө жөнөп кетти. Ылай болгондуктан куткаруу иш-чаралары баштала элек.

 

Өзгөн менен Топ-Жаңгактын алыстыгы 31 чакырым. Анын беш чакырымына автоунаа баралбайт.

 

ххх

 

Өзгөн районунун Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү алдында калган турак жайдын ээлерине буга чейин эскертүү берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул үйдүн ээсине 1996-жылы мамлекет тарабынан курулуш материалдары берилген. 2010-жылы кооптуу тизмеге кирген, бирок мурда үй курууга курулуш материалдарын алгандыгы үчүн ссуда берилген эмес.

Бүгүн саат 14:00 чамасында дагы жер көчкү жүрүп, кооптуу абал жаралгандыктан топурак алдында калган үй-бүлөнү издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Бүгүн эртең менен түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Өмүрбек Эгемкуловдун үйүн басып калган.