Быйыл Кыргызстанга бир айга жакын күттүрүп, кечигип келген жаз ар кандай саясый акциялар, пикет, митинг, жүрүштөр менен коштолууда. Бир чети эл менен коомчулуктун 2005 жана 2010-жылдардын жазындагыдай бийликтегилерге каршылыгы жашоо-турмуштун оорлоп, коррупция, трайбализм, жумушсуздук, жердешчилик, кландык сыяктуу былыктар менен чылыктарга белчесинен баткандыгы себеп болууда. Экинчиден, Ө.Текебаев баш болгон Эгемендүү Кыргызстандын легендарлуу саясатчыларын кайсы бир далили жок чет элдик шылуундун көрсөтмөсүнө таянып камап жатышы. Бирок элдин да, бийликтин да активдешүүсүнүн түпкү себеби – 19-ноябрда боло турган президенттик шайлоо экендиги белгилүү. Ошондуктан бийлик “ээн ооз” ММКларды, анын Н.Айып, Б.Наргозуев сыяктуу алдыңкы журналисттерин сотко берип, үй-мүлкүнө камак салууда. Мындай өкүмзордукка чыдабаган журналисттер жамааты 18-мартта сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш жасашты. Бирок Бишкектин түштүк магистралы тараптан керней-сурнай тартылып, барабан кагылып, майрамдык шаң башталган марш көздөгөн жери – У.Салиеванын эстелигинин алдына жеткенче 5 катышуучусу (Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран) “уурдалып”, беш күнгө камакка алынды. Алардын өтө начар шартта Бишкек ИИБсинин “приемнигинде” жатканы кабарланды. Бирок ар дайым бийлик качаар алдында журналисттерди куугунтуктай баштачу эле...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.