Нооруз майрамынын алдында, 20-мартта Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында мектеп мугалимдери иш ташташты. Алар ай сайын айлыкка кошулуп берилүүчү 20% кошумча акчанын мамлекет тараптан алынып салынышына нааразы болушууда. Иш таштоого аталган мектептеги 40 мугалимдин 35и катышты. Мурда белгилүү болгондой, былтыр ноябрда райондук билим берүү башкармалыгынан аларга "маянага ай сайын кошулуучу акча мындан ары төлөнбөйт" деген билдирүү келген. Бир жарым коэфициент менен 20% кошумча буга чейин “бийик тоолуу аймак, шарты катаал” деген негизде төлөнүп жүргөн эле. Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси С.Асанов жогорудагы төлөм тийиштүү эрежелерди бузуу менен берилип жүргөнүн билдирди: “Бир жарым коэфициент менен берилип жаткан төлөм 1800 метр бийикте жайгашкан жердеги мектептерге төлөнөт. Ал эми бул мектептики 1790 метр болуп жатат”. Ошентип 10 метр ылдыйда жайгашкан айылдын мугалимдери кошумча төлөмдөн кур калышкан. Баарынан да өздөрүнүн интеллектуалдыгынан улам эзели эч качан пикет, митингге чыкпай, иш таштабай келген мугалимдердин жаз алды менен козголуп жатышы таң калтырууда...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.