Аталган мектептин математика мугалими Темирбек Эсеналиевдин «Марал» радиосуна билдиришинче алар бүгүн саат ондон он бирге чейин иш таштоого барышып, ага эмгек жамаатынан жалпы 35 адам катышкан.

 

Мектептин мугалимдери эмгек акысына мурдатан берилип келген кошумча 20% райондук коэффиценттин жана бийик тоолуу аймакта иштегендиги үчүн кошулуучу 30% кошумча төлөмдүн жоюлушуна нааразы болушууда. Эгер алардын талаптары аткарылбаса 31-мартта мөөнөтсүз иш таштоого барышаарын айтып жатышат.

 

Эсеналиевдин биздин радиого билдиришинче алардын дооматын угуу үчүн бүгүн Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү кеңештин беш депутаты келип кетишкен.

 

Аталган мектепте 270 окуучу окуйт, мугалимдерге берилүүчү кошумча төлөм акылары ушул жылдын февраль айынан баштап токтотулган. Бул маселе боюнча алар Жогоку Кеңешке, өкмөткө, Билим берүү министрлигине бир нече жолу кат менен кайрылышкан.

 

Булак: "Марал"