Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы жеке менчик такси кызматтары менен бирдикте жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу, шаарда коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону жакшыртуу боюнча чогуу аракеттерди алып барышат. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясында болгон жолугушуу учурунда маалым болду.

 

Жолугушууга шаар мэриясынын жетекчилери, адистери, шаардагы такси кызматтарынын, коомдук унаа ишканаларынын, мамлекеттик жана жергиликтүү салык кызматтарынын, патрулдук милиция органдарынын жетекчилери, адистери катышышты.

 

Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев шаарда азыр 9 такси кызматтары иштеп жатканын, алардын пайда болушу шаарда унаа менен тейлөөнүн сапатын, маданиятын жакшыртып жатканын билдирип, аларга ыраазылыгын айтты.

 

- Кеп шаарыбызда жеке менчик таксилердин башаламан аракеттерин тартипке салуу, алардын кызмат көрсөтүүсүн мыйзам талаасына алып кирүүдө болуп жатат. Атайын уюшулган такси кызматтары патенттердин негизинде өз ишин мыйзамдуу алып барып, тейлөө маданиятын жогорулатып жатышат. Автоунаалар жаңы, таза, жагымдуу болсо, шаар эли да маданияттуулукка көнөт. Ал эми өз ишин мыйзамсыз жүргүзүп жаткан жеке менчик унааларды тартипке салууда силерге шарт жаратуу аркылуу биз силер менен чогуу иштешебиз, - деди ал.

 

Кеңири талкуунун натыйжасында шаар бийликтери атайын уюшулган такси кызмттарына унаа токтоочу жайларды бөлүп берүүгө убада беришсе, ал эми такси кызматтары өздөрүнө ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү үчүн шаар бийликтерине сунуш бере турган болушту. Ошону менен катар такси кызматтары шаар элин маданияттуу тейлеп, жалпы шаар маданиятын көтөрүү ишинде бийликтер менен чогуу аракеттенмек болушту.

 

Ошондой эле, салык кызматтарынын өкүлдөрү такси кызматтарына салык төлөө жагынан түшүндүрмөлөрдү беришип, берилген суроолорго жоопторду узатышты.

 

Эскерте кетсек, азыр Жалал-Абад шаарында “Тулпар”, “Зор”, “Беркбай”, “Томас”, Намба”, “Элдик”, “Асман”, “Тез”, “Абад” сыяктуу 9 такси кызматтары иштеп жатышат. Алардын арасындагы атаандаштык улам барган сайын күчөп барат.