Бүгүн, 2017-жылдын 17-мартында, КР Жогорку сотунун жаңы дайындалган судьясын соттук коллегияга шайлоо тууралуу пленуму болуп өттү.

 

Пленумда Жогорку соттун судьяларынын бир добушу менен Чаргинова Турсунгүл Толепековна Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп шайланды.

 

Эске салсак, 2017-жылдын 16-мартында Жогорку Кеңеш  президент тарабынан сунушталган КР Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкер Турсунгүл Чаргинованы жактырган. Отурумда парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, Т.Чаргинова парламентте ант берген.