Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында КСДП фракциясынан депутат Узарбек Жылкыбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Ушул тапта аны Каракол шаарындагы өкүлчүлүктүн жамааты менен тааныштыруу жүрүп жатат.

 

Ишенимдүу булактардын билдиргенине караганда анын ордуна КСДП фракциясынын тизмеси боюнча Икрамжан Илмиянов парламентке депутат болуп келет.

 

Эске сала кетсек,  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Асхат Акибаев кызматтан кечээ четтетилген.

 

Булак: "Марал"