Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылы апрель окуясында курман болгондордун элесине орнотулган эстеликке гүлчамбар койду.

 

Аксы окуясы Боспиек айылында да эскерилип жатат. Ага жергиликтүү эл, маркумдардын тууган-уруктары, бийликтен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен" өкүлү Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, парламент депутаты Каныбек Иманалиев, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев катышууда.

 

2002-жылы 17-мартта Аксы районунда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге Боспиек айылында бийлик ок атып, алты киши каза тапкан. 

 

Булак: "Азаттык"