Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы менен бирге уюштурган түңкү рейдде 53 адам кармалган, бирок алардын арасында мектеп жашындагы өспүрүмдөр болгон эмес. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Камчыбек Шаволотов билдирди.

 

Анын айтымына караганда, шаарда 2 күндүк  “Селсаяк” аталышындагы рейд жүрүп, рейд учурунда 18 лөлү кармалып, алардын Ош шаарынан келишкени аныкталды жана Ош шаарына жөнөтүлдү. Калгандары орто окуу жайлардын студенттери деп табылып, алардын 8и гана шаар тургуну болуп чыкты.

 

- Жалал-Абад шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун  алдын алуу боюнча  иш-чаралар тынымсыз өтүп жатат. Ошону менен бирге жашоо шарты оор болгон, кайырчылык менен алектенип, мектепте билим алууга тартылбай калган жаш өспүрүмдөрдүн  укук бузууу, кылмыштуулукка баруусунун алдын алууга да көңүл буруп жатабыз. Ушуга байланыштуу өткөрүлгөн кезекте рейдде мектеп жашындагы өспүрүмдөр кармалган жок. Демек, шаарда өспүрүмдөргө болгон ар тараптуу көзөмөл өзүнүн натыйжасын берип жатат. Эгер өспүрүмдөр түндөгү көчө кыдырып жүрүшсө, аларды кармалат жана тийиштүү документтер түзүлүп, мэриянын алдында түзүлгөн комиссияга тапшырылат жана тийиштүү жардамдар, чаралар көрсөтүлөт, - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ай сайын “Каникул”, “Түнкү өспүрүм”, “Кайырчылык” жана башка аталыштагы рейддер өткөрүп келүүдө.