Бул боюнча чечим 15-мартта өткөн облустук Жарандык коргонуунун башкаруу курамы менен кезексиз жыйынында кабыл алынды. Анда райондогу абал талкууланып, протоколдук тапшырмага ылайык Ат-Башы районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирген боюнча бүгүн, 16-мартта Нарын облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын кошумча күчтөрү тийиштүү техникалары менен Ак-Муз, Өзгөрүш айылдарындагы көчөлөрдү, Ак-Муз-Босого-Кынды жана Торугарт-Көк-Кыя-Кынды автоунаа жолдорун ачуу иш-чаралары жүргүзүп баштайт.
Учурда облус башчысы Аманбай Кайыпов облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү менен жеринен уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы районунда жүрөт. Жол ачылаары менен малчылардын 18 оор жүк ташуучу автомашинадагы жүктөлгөн тоюттары Ак-Сайга көздөй жеткирилет.
Эске сала кетсек, 12-14-март күндөрү бурганактаган шамалдын кесепетинен Ак-Муз, Ак-Моюн жана Талды-Суу айыл аймактарындагы автоунаа жолдорунда кар күрткүлөрү пайда болгон. Ошондой эле кардын нормадан ашык жаашы жана катуу шамалдан улам пайда болгон кар күрткүлөрү Ак-Сай өрөөнүнө жол каттамы жабылган. Турак-жайларга жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Булак: "Марал"