Жогорку Кеңеш депутаттары «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун 15-мартта экинчи окууда жактырышты. Жыйынга катышкан 101 депутат аны колдоп, алтоо каршы добуш берди.

 

Документте жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.

 

Бул мыйзам алгач сунушталганда «чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек» деп чектөө киргизилген. Кийинчерээк алып салынып, медиауюмдун «чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек» деген бөлүк калтырылган.

 

Мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган. Демилгечилер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканалдарга багытталганын, гезит жана радиолорго, эл аралык радиолорго тиешеси жоктугун белгилешет.

 

Булак: "Марал"