Гезитибиздин өткөн сандарынын бирине “Ойнош издеп келген кыз” аттуу макаланы жарыялаган элек. Бир жаш кыздын биздин аксакал калемгерибиз менен “болгусу” келгени шек жараткан.

 

Бирок, автор “чындап эле кыйналып жүргөн кыз болуп жүрбөсүн”- деген ой менен ага чөнтөгү калың бир кишини сунуштаса, аны менен жолугушуудан баш тартканы бекер шектенбегенибизди далилдеп койду. Эмне, биздин кабарчылардын кадырын кетирүү үчүн шантаж оюндарынын сценарийлери түзүлүп жаткан жокпу? Ошондой болушу да ыктымал. Себеби, “Майдан” гезити окумдуу жаңылыктары, безге сайгандай курч макалалары аркылуу эл арасында улам кадыры артып баратканы айкын. Мисалы, жакында эле Таластан келген Турдубек аттуу бир окуурман:

 

- Гезитиңер аябай кызыктуу чыгып жатыры. Бирок, Таласка аз нускада барууда. Кээ бир сандарын таба албай, борбордогу балдарым аркылуу таптырып, таксиден салдырып окуп атырмын. Чындыкты жазган “Майдан” гезитин биз колдойбуз! – деп айткан болчу.

 

Ырас, чындык үчүн чыркырагандар чындыкты колдойт. Андай эмес деп таластык туугандарыбыздан талашпагыла.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.