СССРдин башына Л.М.Брежневден кийин Ю.В.Андропов деген кыйын киши келгенин, креслого отураар замат жалкоолордун сазайын бергенин, ууруларды четинен тергенин билесиздер.

 

Ошол убакта тээ айылдагылардан бери “жумуштан кечикпесек экен” деп шашып басып калышкан. Ал тургай, семиз активтер да жүгүрүп, штабды көздөй бири-бири менен жарышкан. Бирок, өлкө башчысынын табышмактуу өлүмүнөн кийин алар мурдагы уйкучулугу менен кайра “табышкан”.

 

Андропов катуу талап койо билген мыкты жетекчи гана болбостон, лирикалык ырларды да катырып жазчуу экен. Бул тууралуу маалымат басма сөз беттеринде айтылган. Ал эми аккордеонист болгондугун жакында гана уктук. А түгүл, бир кыргыз кишиге өзүнүн “Стелла” моделиндеги кызыл түстүү аккордеонун белек кылыптыр. Ошол аккордеонду алган жердешибиз азыр кайда? Бул тууралуу иликтеп жатабыз. Кызыктуу макалаларды гезитибизден күтө бериңиздер.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.