Тээ Акаев доорунан бери түрк шылуундары талашып келаткан Бишкектин борборундагы “Ак Кеме” мейманканасы бар. Аны Түркия берген насыяга Кыргызстан кура баштап, курулуш иштерин түркиялык бир компания жүргүзгөн. Бирок орто жолдо бөлүнгөн акчаны кыргыз чиновниктери адатынча жеп койгонбу же башка себеби барбы, айтор ошол түрк курулуш компаниясы акча таап келип, шылуундук жолдор менен мейманкананын ээликтеши да болуп калган. Дагы жакшы, кыргыздын Р.Сарымсаков деген намыстуу жигити бар экен, 2005-жылдагы революциядан кийин ошол түрктөрдү кубалап чыккан. Ошондон бери алар Кыргызстанга келалбаган менен эл аралык сотко берип, акыры утулгандай болгон. Акыркы кезде “Ак Кемеде” оппозициянын ар кандай иш-чаралары өткөрүлүп, кеңселери да жайгашкан. Эмнегедер бийлик дал ушул учурда уйкудан чочуп ойгонгондой, бул мейманкана бир кезде мамлекетке тиешелүү экендигин, бюджетке бир сом да түшпөй жаткандыгын эстеп, Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына алып алууну көздөп жатыптыр. Бирок мыйзамга ылайык, али сот иши аягына чыга элек объектини жеке менчик ээсинен мамлекет тартып алууга укугу жок экен. Бирок, О.Нусувалиев деген Мүлк фондунун бир жетекчиси бул иште эч кандай саясый боёк жок экендигин айтууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.