“Global Finance Magazine” басылмасынын маалыматына ылайык, Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекетинин арасында байлыгы боюнча 142-орунду ээлеген. Башкача айтканда, бул тизменин артынан эсептегенде - 42, демек, дүйнөдөгү эң жакыр 42 мамлекеттин катарында экенбиз. Бул рейтинг Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун маалыматтарынын негизинде түзүлгөн. Эсеп адам башына ИДПнын үлүшүнө карап жүргүзүлгөн. Эл аралык валюта институттарынын эсебине ылайык, ар бир кыргызстандыкка 3 581 доллар ИДП туура келет. Мисалы, эң бай деген Катар мамлекетинде бул көрсөткүч  146,2 миң доллар. Экинчи орунда Люксембург (94 миң 167 доллар) жана үчүнчү Сингапур – (84 миң 821 доллар). Ал эми кошуна Казакстан адам башына эсептегенде ИДП көрсөткүчү 25 367 долларды түзүп, дүйнөдөгү эң бай 50 мамлекеттин катарына кошулган жана Россиядан алдыда (51-орун, ИДП - 25 350 доллар). Баса, өткөн жылы ушул эле эл аралык каржы институттары Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгарып, аны президент А.Атамбаев өзүнүн “доорундагы” чоң жетишкендик катары жар салбады беле. Деги, биз жылдан жылга алга эмес, артка кетип, улам жакырчылыктын сазына батып жатышыбыздын себеби эмне, ким күнөөлүү?!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.