Студенттер арасындагы сулуулук конкурсуна 11 кыз катышты, алардын баары университетке карашуу колледжде билим алышат.

 

Катышуучулары “Менин визиткам”, “Колунан мөөрү төгүлгөн уз”, “Музыкалык конкурс” багытында күч сынашты. Кара түстөгү жана улуттук нуктагы көйнөктөрдү кийип чыгышты, талантын, сүйлөө маданиятын, чеберчилигин көрсөтүштү.

 

Сулуулук конкурсунда 1-орунду Дильноза Мамбетахунова алды. Биринчи вице-мисс наамы Ситора Умарбаевага, экинчи вице-мисс – Айдай Жакыповага ыйгарылды.

 

 

Биринчи орунду алгандар Ысык-Көлгө барып эс алууга 10 күндүк жолдомо жана Suji салонуна бекер тейлөө билетин алышты.

 

Төртүнчүдөн алтынчы орунга чейин чыккандар 4, 3 жана 2 миң сомдук акчалар сыйлыктар, ашкана жана тиричилик техникалары менен сыйланышты.