Ушул жылдын 1-мартында Каржы полициясы тарабынан Бишкектеги «Дыйкан» базарынын жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин районунун акими Нурдин Тынаев "Марал" радиосуна билдирди.

 

Анын айтымында, "Дыйкан" базарын Эсеп палатасы текшерип чыкканда абдан көп финансылык катачылыктары аныкталган. Маалыматка караганда, базар жер ижарасына жылына 7 млн 100 миң сом мамлекетке төлөшү керек. Ал эми базардын иштеп жатканына 9 жыл болду.

 

Базар ачылып жатканда мэрия менен эки тараптуу келишим түзүлгөн. Анда базардан түшкөн каражаттын 80 пайызы "Кыргыз темир жолу" ишканасына, калган 20 пайызы шаардык бюджетке түшмөк. Бирок, иштеп баштагандан бери шаардык бюджетке бир тыйын дагы түшө электигин Тынаев кошумчалады.

 

Булак: "Марал"