Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев аймактын диний ишмерлери, райондордун казы--имамдары менен жолугушту. Кездешүү маалында экстремизмге жана терроризмге биргеликте каршы туруу жана нравалык тарбия маселеси кең-кесири талкууланды.

 

Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев ырасташынча, Ысык-Көл облусунда 180 ислам багытындагы диний уюмдар аракеттенет. Тилекке каршы, булардын 55и эмдигиче дин боюнча мамлекеттик агенттиктин каттоосунан өтүшкөн эмес.

 

- Биз биргеликте гана аймактагы коопсуздукту камсыз этүүгө тийишпиз! Ошондуктан, мында биз дин ишмерлеринин жана имам-казылардын жардамына абдан муктажбыз! Президент бул жылды бекеринен «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялаган жок. Демек, өсүп бараткан муунду ушул нукта тарбялоого мезгил жетти. Анткени, заманбап технологияларды өздөштүрүү менен катар жаңы коркунучтар дагы Мекенибизди жарга такап олтурат. Анткени, интернет түйүндөрү аркылуу жаштарыбыздын психологиясын жана адебин тынбай бузуп жатышат, - деп коңгуроо какты Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев.

 

Ошол себептен жолугушуу маалында жаңы мечиттерди курууда анын тышкы көрүнүшүнө, жашылдандырылышына өзгөчө көңүл буруу зарылчыгы дагы абдан баса айтылды.

 

- Ушул тапта мечиттер маселеси облуста абдан курч бойдон урат. Ысык-Көлдө жалпысынан 180 мечит бар. Булардын 50 чактысы эмдигиче документтери толук болбогондуктан, каттоодон таптакыр өтүшө элек. Бирок, дагыле иштеп жатышат, - деп тызылдады Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков.

           

Ошентип, жыйындын соңунда атайын комиссия түзүлүп. анын курамына компетенттүү органдардын өкүлдөрү киргизилди. Бул орган талаш маселелерди жеринде чечкенге жардамдашып, аймактагы иний кырдаалды дагы кең-кесири иликтемекчи. Буга улай мындай жолугушууларды ар тоскондукта бир өткүрүп туру жагы дагы чечилди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз