Бир кездери курч калеми сыяктанып устаканадагы базган, коомдогу даалай терс көрүнүштөрдү “быт-чытын” чыгара жазган Кенжебек Арыкбаев аттуу калемдешибиз оорунун кайырмагына илингенин, денеси врачтардын ийнесине далай тилингенин, айтор, өлүп кайра тирилгенин, албетте, уккан же окуган чыгаарсыздар.

 

Ушул жигит, өзүнүн дале элге керек экенин билип, таап калемин койгон жеринен илип, баш көтөрдү кайрадан журналисттик образга кирип. Чамасы, байкап калгандай, саясаттын баратканын ирип.

 

Ырас, кээ бир газеталар сындайт десе эле жалаң бир аймактын тыңчыкмаларына жалаа жаап, тим эле кабанаак иттен бетер каап жатып калышат. Саясатчылары тургай, ырчыларын да өздөрүнүн гезитинин терс каарманы кылып алышат. Эч бир шылтоо таппай калганда, “эмне үчүн Баланча аткаруучу ырдын авторуна гонарар төлөбөйт” деп  сынтагышат. Өзүңдүн газетаңда калем акы барбы десең, калп менен жооп табышат. Албетте, биздин Кенжеке андайлардан эмес, ар дайым айтат жаш журналисттерге жакшы кеңеш. Айтор, жети дубанга тең калыс. Ишенебиз, чуркайт деп дагы алыс. Ылайым, анын  “Айгай” газетасы таштасын кенен арыш!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.