Эмнегедир акыркы кезде парламент өз милдети болгон мыйзам чыгаруу иши менен алектенбей эле, ызы-чуунун, ушактын ордосуна айланууда. Бул тууралуу биз эмес, 6-мартта өлкө башчыбыз А.Атамбаев өзү айтты. Ал тургай президент парламентти таратуу керектигин да кошумчалады. Демек, өкүмдар айтып аткан соң, эл өкүлдөрү элге да, Ак үйгө да жакпай калыптыр. Бирок, спикер Ч.Турсунбеков баш болуп катардагы жарандарды кемсинте башташы булардын шиши толуп, өздөрү эле тарай турган маалы келип калгандыгынын белгиси. Мисалы, ЖК спикери Ч.Турсунбеков өткөн жумада пленардык жыйынды ачып жатып эле социалдык тармактарда парламентти сындап жазып жатышкандарды “чала сабаттар” деп  балп эттире салды. Көрсө, ага депутаттарды социалдык тармактарда депутаттарды сындап жазгандар жакпайт экен жана “чала сабаттар” тура. Туура, социалдык тармакта сабаты төмөндөр деле көп деңизчи. Бирок ошол депутаттардын өзүн сабаттуу деп айтууга болобу? Чындап айтканда депутаттардын арасында чала сабат гана эмес, уурулар, жегичтер, чала бандиттер да толтура экенин карапайым калк айтып эле келатат го. Аларга караганда сабаты чала болсо да, мамлекетке, эч кимге зыяны тийбей өзүн-өзү социалдык тармакта алагды кылып, бугун чыгарган карапайым адамдар жүз эсе жогору эмеспи?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.