1-мартта, кыргыз элитасы РФнын президенти В. Путин баштаган жоон топ россиялык делегацияны узаткан түнү Бишкектин Түштүк дарбазасы тараптагы А.Токомбаев жана Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде түнкү саат 3төр чамасында үрөйдү учурган кырсык болду. Ал өтө каттуу ылдамдыкта бараткан “Range Rover” автомашинасы жолдун четиндеги тосмодон өтүп кетип, темир тирөөчтү сүзүп, сокку айдоочу отурган сол жактан тийген. Кудай жалгап түндөсү кокусунан ал жерден өтүп бараткан бирөө “Тез жардам” кызматына кабар берип, 12 минутанын ичинде жетип барган медиктер клиникалык өлүмгө кабылган жабырлануучуну сактап калышты. Бул адам КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков экендигин уккан салматтык сактоо министри Т.Батыралиев өзү уктап жаткан учурда ойгонуп, жеке көзөмөлүнө алып, Илимди ажалдын оозунан сууруп алышты. Врачтар Илимдин абалы дале болсо оор экенин, баардык чаралар көрүлүп жатканын, сүйлөп, басып калгандыгын, сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк жогору экенин айтышууда. Биз да кесиптешибиздин сакайып кетүүсүнө тилектешпиз. Бирок 2 миңден ашык кызматкери бар мекеменин жетекчиси түнкү саат 3тө кайдан келаткандыгы, эмнеге жалгыз болгондугу тууралуу эч кандай маалымат айтылбай жатат. КТРКдагылар да анын жумушка велосипед менен келип-кетерин, машинаны жакшы айдай тургандыгын, ичкилик ичпестигин айтышууда. Анда анын машинаны өтө ылдамдыкта айдап, рулду башкара албай калышына эмне себеп болду?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.