Ак үйдөгүлөр карапайым калктан ушунчалык эле коркушабы же жаз алды менен күзүндө болуучу парламенттик шайлоонун камылгасыбы, айтор күндөн-күнгө элден алыстап, бийлик өзү менен өзү болуп баратат. Байкаган адамга азыр Кыргызстанда коом үчкө бөлүнүп калгандай: Ак үй, парламент, өкмөт, орто катмардагы “жакшылар”, криминалдык топтор жана баарын багып, эзилип жаткан кара таман букаралар. Өткөн жумада Жогорку Кеңеш дагы бир жорукту баштап, жарым миллиондон ашык сомго дарбаза сатып алууга тендер жарыялады. Анын алкагында эки ачылма темир дарбазалар орнотулат. Куруучу компания апрелдин башында аныкталып, андан соң орнотуу иштери башталмакчы. Бир дарбаза үчүн 280 миң сом, жалпысы 560 миң сом ушул эки дарбазага каралууда. Биз билгенден Бишкекте ушундай сапаттуу, кнопка менен ачылып-жабылган дарбазалар 50-60 миң сомдун эле тегерегинде. Мамлекеттин ички-тышкы карызы камырдай ачып, 5 млрд. долларга жетип жатканда жок жерден эле бүтүн дарбазаны алмаштыруунун канчалык зарылчылыгы бар эле? Ошол эле Россия, АКШ, Англия жана башка цивилизациялуу мамлекеттердин парламенти эч кандай тосмосу жок эле турат. Андан көрө биздикилер элдин көйгөйүн чечпейби. Эл бир толкуса, Кытай дубалын курсаң деле ашып өтүп кетер...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.