Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абадда алдыдагы аялдардын эл аралык аялдар күнүнө карата Барпы драма театрында салтанат болуп, шаардагы жана област аймагындагы алдыңкы аялзаттарга сый-урматтар көрсөтүлдү. Бул майрамдык иш-чарага Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү баш болгон област жетекчилери, шаар мэри баш болгон шаар активи, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

 

Област жетекчиси менен шаар жетекчиси аялдарды алдыдагы майрамы менен куттукташып, аларга жакшы каалоолорун айтышты.

 

- “Аял жылмайса, аяялам жылмаят” деген кеп бар. Сиздердин жакшы маанайыңыздар, сиздердин аруу күлкүнүздөр бизге дем-кубат гана берип калбастан, бүт ааламды көркүнө чыгарат, бүт ааламды жылмайтат. Ошондуктан, биз жергиликтүү бийликтер сиздердин дайыма жылмайып жүрүшүңүздөр, маанайыңыздар жакшы болушу үчүн жакшы иштегенге аракет кылабыз, - деди шаар мэри Салайдин Авазов.

 

Област жана шаар жетекичлери коомдогу активдүү аялзаттарга Ардак грамоталарды, Алкыш баракчаларын тапшырышты. Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы 200 аялга 500 сомдон акчалай сыйлык таркатты.

 

Областтык жана шаардык маданият ишмерлеринин, өнөр ээлеринин күчү менен даярдалган чоң программадагы концерт тартууланды.