Бишкек, “Саясат.kg”. Араван районундагы Чөгөм айылында дагыле кар көчкү коркунучу күч. Бул жөнүндө райондун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Гүлжигитов билдирди.

        

- Быйыл кар абдан калың жаады. Чөгөм кыштагы райондун борборунан 120 чакырым алыстыкта жайланышкан. Бирок, анда жашаган сегиз үйдү ушул тапта кар көчкү басып калуусу толук ыктымал. Ошондуктан, баарын башка коопсуз аймакка аргасыздан көчүрдүк. Ушул тапта аймакты дагы текшерүү жараяны күчөтүлдү, - деп кошумчалады Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Гүлжигитов.

        

Соңку тапта Ош облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылган кырсыктар арбыды. Маселен, Чоң-Алай районундагы жаш-Тилек айылында кар көчүп, эки окуучу жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал эми Кара-Суу районунун Кожокелең айылында дагы кар көчүп, 20 жаштагы келин каза тапты. Мындан тышкары бул кырсыктан кырылган мал-жандыктар абдан көп.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз