Бишкек, “Саясат.kg”. Кара-Кулжа районунан Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Кан-Коргон кыштагында спирт ичимдиктерин сатууга жана ичүүгө таптакыр тыюу салынды. Бул демилге элдик жыйында толук колдоо тапты. Бул туурасында Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербай Аттокуров редакциябызга кабарлады.

         

- Кан-Коргон айылындагы жыйынга жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышышты. Анын акырында кыштакта спирт ичимдиктерин сатууга жана көчөдө мас жүргөндөргө биротоло тыюу салынды. Буга чечимге баш ийбей арак ичип жүргөндөргө эки миң сомдон беш миңге сомго дейре айып салынат. Ал эми спирт ичимдиктерин саткандар он миң сом айыпка жыгылышат, - деп кошумчалады Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербай Аттокуров.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчыбыз