“-  №24-мектептин жетекчиси камакка алынгандыгын жазып чыгышты. Айтымдарында, ал мектептин ремонту үчүн ата-энелерден 1 миллион сомдон ашык каражат жыйнаптыр. Ал акчалар тизме менен, кол койдурулуп, чогултулган. А бирок, акчаны ал жеп кеткен жок, ордунда турат. Бул жерде - ашып кетсе  финансалык тартип бузуу гана бар. Кылмыш эмес!

Мэрия шаардагы мектептерге ремонт үчүн 53 миллион сом бөлүнгөндүгүн айтууда. Азаматтар!?! Борборубузда 100дөн ашык мектеп бар, ар бирине жарым миллиондон тийет экен... “Жыргап” калат мектептерибиз....

ШОСко келген коноктор  “үйлөрдү көрүп калбасын”- деп аэропортко бараткан трассанын жээгин тоскону 400 миллион сомдон ашык коротмокчу, Жаш Гвардия бульварына ремонтко дагы  400 миллион сомго жакын сарптайт. Ал эми Айтматов проспектинде мраморду пластик менен алмаштырганга канча акча кетет экен?!

Балдарыбыздын окуусу бекер болсун, ремонт иштерин мамлекет (мэрия) өзүнө алсын, бирок 500 миң сом аздык кылат окшойт. Бюджет кескин түрдө өстү, мектепке жеткенде эле тар болуп кетет... Өкүнүчтүү жолдоштор, өкүнүчтүү...

Ал эми №24-мектептин жетекчисин эркиндикке тез арада чыгарыш  керек”,- деди Исхак Масалиев.