Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Кытай Эл Республикасынан аргымак менен келген Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызы менен жолугушту.

Жолугушууда бабалардын жолу аркылуу аргымак менен келген эки кыздын каармандыгына жогору баасын берген Төраганын орун басары: «Сиздердин бул сапарыңыздар маданий-тарыхый байланыштарды гана чыңдоого өбөлгө түзбөстөн, кыргыз-кытай достугун да бекемдөөгө чоң салым кошууда. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган эки мамлекеттин алакасын ушундай жакшы саамалыктар менен улантып, калыптанган достук мамилелерди өнүктүрүшүбүз керек», – деди.

Ошону менен катар кыздарга Жогорку Кеңештин атынан Төраганын Ыраазычылык каттарын жана белектерин ыйгарып, жакшы тилектерин билдирди.

Эске салсак, Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызы Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан жолго чыгып, 25-майда «Торугарт» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга киришкен.