Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документ Ысык-Көлдүн жээгине жакын аймакта мурда мыйзамдуу түрдө курулуп калган жеке турак үйлөрдүн укуктук макамын тактоого багытталган.

Учурдагы мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метр аралыкта рекреациялык объектилерден тышкары башка курулуштарды курууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул чектөө 2004-жылдын 24-августунан тартып күчүнө кирген.
Бирок мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамдуу негизде берилген жер тилкелеринде салынган үйлөрдүн укуктук абалы толук жөнгө салынган эмес. Маалыматка ылайык, мындай жер тилкелеринин саны Балыкчы шаарында эле 1145ке жетет.

Демилгечилеринин айтымында, бул үйлөрдүн ээлери учурда өз мүлкүн пайдалануу, сатуу же мураска калтырууда бир катар укуктук кыйынчылыктарга туш болуп келишет.

Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, эгер жер тилкеси 2004-жылга чейин мыйзамдуу берилип, тиешелүү документтери болсо, анда мындай үйлөр 500 метрлик чектөөгө кирбейт. Бул үйлөргө карата укук белгилөөчү документтер таанылып, менчик укугун толук пайдаланууга шарт түзүлөт.

Бирок мыйзам долбоору жаңы курулуштарга уруксат берүүнү карабайт. Ысык-Көлдүн жээгин коргоо боюнча 500 метрлик тыюу мурдагыдай эле күчүндө калат.
 

Спутник